Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов:
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - ДАЛБАЕВА
  • ДАЛБАЕВА
 

ДАЛБАЕВА

 
ДАЛБАЕВА Мираида (1939, Кызыл-Кыя шаары) — кыргыз совет артисти, Кыргыз ССРинин эл артисти (1986). Ал Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында жогорку көркөмдүктө иштелип чыккан көптөгөн образдардын галереясын түздү. Улуу эпоско байланыштуу спектаклдерде жараткан образдары анын чыгармачылыгында олуттуу эмгектерден болуп калды. Ж. Садыковдун «Манастын уулу Семетей» драмасында (1982) Каныкейдин, «Сейтекте» (1988) Чачыкейдин ролдорун аткарат. Буга чейин көптөгөн ай-мончоктой келишимдүү, сымбаттуу аял затынын көркөм образын түзүп келген актриса үчүн эпостук каармандардын да сырткы келбетине айкалышкан ички дүйнөсү жакын. Ошондуктан, Д-нын Каныкейин, Чачыкейин театр адистери да, көрүүчүлөр да жылуу кабыл алышып, жогору баа беришти. Д. Каныкейдин адамкерчиликке, патриоттукка, элге кызмат кылууга, кыйынчылыктар менен күрөшө жана жеңе билүүгө дем берген эрки күчтүүлүгүн ачып берсе, «эрке катын» Чачыкейде эл тагдырына кош көңүл караган пассивдүү, терс мүнөздөгү аялдын тибин түзө алган.
М. Далбаева — Чачыкей («Сейтек» драмасы, 1989)</b>.
М. Далбаева — Чачыкей («Сейтек» драмасы, 1989).
Ал эми «Айкөл Манас» драмасындагы (1990) Каныкейдин образын жаратышы анын актёрдук чеберчилигин дагы бир ирет айгинелеп турат. Д. медалдар менен сыйланган.
Э. Калдаров


Получить все переводы слова - "ДАЛБАЕВА" по направлению Кыргызский-Кыргызский.
Найти все переводы слова "ДАЛБАЕВА" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "ДАЛБАЕВА"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru