Menu
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

ВУЛЬГАРИЗМ

ВУЛЬГАРИЗМ (лат. vulgaris — демейки, кадыресе) — көркөм чыгармада каармандын сүйлөгөн сөзүндө колдонулуучу орой, одоно сөздөр. Текстте стилдик мааниге ээ болуп, каармандын кулк-мүнөзүн ачып берүүдө В-дер көмөкчү милдет аткарат. Образдын дагы да терең ачылышын шарттайт. «Манас» эпосунда да В. сөздөрдү жолуктурууга болот. Мисалы, «Көкөтөйдүн ашында» балбан күрөшкө чыгарында Кошойдун жашы улгайып кеткенине арман кылып, майданда отурган Жолойду мүнөздөп айткан сөзүндөгү В.:
Отуз беште жолукса
Ойрондобос эр белем,
Ошол иттен кем белем!
Обдулуп найза салышса,
Ойду-дөңду алышса,
Оролтуп аяк чалышса.
Оңдобой турган мен белем,
Оосурак иттен кем белем! (Сагымбай Орозбаков, 3. 199).





Found words in another language:

RU


Found similar words in another language:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: