Меню
Эл-Сөздүк

ВЛАСОВ

ВЛАСОВ
Владимир Александрович (1903, Москва шаары)— советтик композитор, Кыргыз ССРинин искусствого эмгек сиңирген ишмери (1939), Кыргыз ССРинин эл артисти (1946), РСФСРдин исккусствого эмгек сиңирген ишмери (1947), Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекет сыйлыгынын лауреаты (1970), РСФСРдин эл артисти (1973). Композиторлор А. Малдыбаев, В. Фере менен бирге 4 көшөгөлүү, 6 сүрөттүү «Айчүрөк» (1939) операсын жазган. Ал ошол эле жылы 12апрелде Кыргыз мамлекеттик музыкалуу драма театрында, 1939-ж. Москвада өткөн кыргыз искусствосунун он күндүгүндө алгач СССРдин Чоң театрынын филиалында, 1июнда Чоң театрдын өзүндө коюлган. Операнын музыкасын авторлор «Манастын» элдик обондор менен күүлөрдүн негизинде жазышкан. Операга манасчылар Саякбай Карала уулунун, Молдобасан Мусулманкул уулунун айтуусундагы сабатмалуу обондордун үлгүлөрүн пайдаланышкан. Бул музыка Семетейге баатырдык, эр жүрөктүүлүк, тайманбастык мүнөз берет. Опера коюлгандан бери сахнадан түшө элек. Ал эки жолу (1959, 1987) кайрадан редакцияланып көрүүчүлөргө тартууланды. 1944-ж. А. Токомбаев менен К. Маликовдун либреттосуна 5 көшөгө 8 сүрөттөн турган «Манас» операсынын музыкасын (А. Малдыбаев, В. Фере менен бирге) жазган. Опера 1946-ж. 3-мартта Ленин ордендүү Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрында коюлган. Бирок, айрым кемчиликтердин кесепетинен опера сахнадан алынып салынган. 1966-ж. «Манас» операсынын жаңы вариантынын музыкасын В. А. Малдыбаев, В Фере менен биргелешип кайрадан жазышкан. В. эки жолу «Ардак Белгиси» (1939, 1958), Эмгек Кызыл Туу ордендери жана медалдар менен сыйланган.
Б. Алагушов


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: