Menü
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

ВАРВАРИЗМ

ВАРВАРИЗМ (гр. barbaros — чет элдик) — чыгарма жаралган (жазылган же айтылган) элдин тилине мүнөздүү эмес чет элдик сөздөр, ошондой эле ал тилге башка тилдерден кабыл алынган сөздөр, сөз айкаштары. В-дин биринчи түрү каармандардын сүйлөгөн сөздөрүндө кеңири учурап анын тилинин, дегинкисин айтканда, кулк-мүнөзүнүн өзгөчөлүгүн ачат. «Манаста» В-дин бул түрү башка элдик кейипкерлердин сүйлөгөн сөздөрүндө жолугуу менен анын улуттук тилинин айырмалуулугун көрсөтөт да, образдын тараптуу ачылышын шарттайт. Айрыкча, Сагымбай Орозбаковдун вариантында баяндалып жаткан эпизоддо негизинен кайсыл эл жөнүндө кеп болуп жатса, ошол элдин өкүлдөрүнүн сүйлөгөн сөздөрүндө В. атайын жыш берилет. Мисалы, калмак-кытайлардын арасында өсүп: «кыжы-кужу сөздөрү, кыргыз деп айтар жери жок, кызылдай кытай өздөрү. Кажы-кужу сөздөрү, казак деп айтаар жери жок, кадимки калмак өздөрү» болуп калган Көзкамандардын сүйлөгөн сөздөрүндө кыргызча атоолордун көпчүлүгү алар мурун сүйлөп көнгөн калмак сөздөрү аркылуу берилет. Бул аркылуу адамдардын душманга түбөлүк берилип, кыргызга дили кошулбай жан дүйнөсү жат болуп калганы баса белгиленет. В. эпосто жоо элдерди сүрөттөгөндө гана эмес, коңшу дос элдердин тилинин өзгөчөлүгүн көрсөтүш үчүн колдонулат. Мисалы, Жакып тажик каны Атемирдин кызы Санирабигага (болочок Каныкейге) куда түшкөндө бул элдин тилинин өзгөчөлүгү төмөнкү мисалдын түрүндө көп жерде белгиленет.
Аспиден канча салалык,
Айдатып арбын алалык.
Келеден канча салалык
Келтирип арбын алалык
Көспанттан канча салалык,
Көбүрөөк кылып алалык (Сагымбай Орозбаков, 2. 373).

Мындагы жылкы (аспи), уй (келе), кой (көспант) сыяктуу кыргызча атоолор тажик элинин айырмалуу жактарын көрсөтүш үчүн айтуучу тарабынан атайы киргизилген. В-дин экинчи түрү — кабыл алынган сөздөр «Манаста» өтө арбын; алар кытай, калмак-моңгол, санскрит, араб, тажик — перс, орус (алар аркылуу европа элдеринен), казак, өзбек, уйгур жана башкалар тилдерден кабыл алынган.
С. Төлөгөнова

Основные характеристики
Часть речиИмя существительное
Ед. числоварваризм
Множ. числоварваризмдер
Склонение по падежам - "варваризм"
Ед. число
ПадежиЕд. число
Именительный Кто?, Что?варваризм
Родительный Чей?варваризмдин
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?варваризмге
Винительный Кого?, Что?варваризмди
Местный Где?, У кого?варваризмде
Исходный Где?, У кого?варваризмден
Множ. число
ПадежиМнож. число
Именительный Кто?, Что?варваризмдер
Родительный Чьи?варваризмдердин
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?варваризмдерге
Винительный Кого?, Что?варваризмдерди
Местный Где?, У кого?варваризмдерде
Исходный Откуда?, От кого?варваризмдерден



Такое же слова на других языках:

RU


Похожие слова на других языках:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: