Меню
Эл-Сөздүк

АУЭЗОВ

АУЭЗОВ Мухтар Оморханович (1897, Абай району —1961, Москва, сөөгү Алматыга коюлган) — казак совет жазуучусу, көрүнүктүү илимпоз, коомдук ишмер. Казак ССР Илимдер акдемиясынын академиги (1946), Казакстандын илимине эмгек сиңирген ишмер (1957), Лениндик (1959), СССР мамлекеттик (1949) сыйлыктарынын лауреаты. Семей шаардык орус окуу жайын (училище) жана мугалимдер семинариясын (1919) бүтүргөн. 1928-ж. Ленинград университетин, андан соң Ташкендеги Орто Азия мамл. университетинин чыгыш факультетинде аспирантураны аяктаган. А-дун чыгармачылык жолу 1917-ж. «Эңлик-Кебек» деген пьесадан башталган.



Өткөн доордогу феодалдык-уруучулук түзүлүштүн зыяндуу каада-салттарын, 1916жылдагы улуттук-боштондук козголоңду, жаңы турмушту, колхоз курулушун, Улуу Ата Мекендик согуштагы каармандыктарды камтыган көптөгөн аңгеме, повесть, драма, романдары калкка кеңири белгилүү. А-дун талантынын гүлдөгөн мезгили «Абай жолу» роман-эпопеясын жараткан жылдарга туш келет. Романдын 1 — 2-китеби (1942—47) СССР мамлекеттик сыйлыгына (1949), 3—4-китептери Лениндик сыйлыкка (1959) арзыган. А. атактуу жазуучу, ишмер гана эмес, көрүнүктүү окумуштуу катары да кеңири таанылган. Анын калеминен казак жана СССР элдеринин адабияттарынын тарыхы менен теориясына арналган ондогон салмактуу эмгектер жаралган. Ал казак адабият илиминдеги абай таануунун негиз салуучусу, казак фольклору менен адабиятынын көптөгөн маселелерин кылдат изилдеген илимпоз болгон. А. кыргыз адабиятынын досу, кеңешчиси жана мыкты изилдөөчүсү катары да жакшы белгилүү. Ал 20-жылдардан тартып эле Кыргызстанда көп болуп, кыргыз фольклору жана адабияты менен жакындан таанышып, Т. Сыдыкбеков, К. Баялинов, Т. Үмөталиев жана башкалар менен карым-катнашта болуп, алардын чыгармаларына өзүнүн баалуу пикирлерин, кеп-кеңештерин айткан. Ч. Айтматовдун зор талантын А. алгачкылардан болуп көрө билип, ак батасын берген. А. кыргыз фольклорун, айрыкча, «Манас» эпосун изилдөөгө чоң салым кошкон. Анын бул жанрдагы көп жылдык изденүүлөрү ««Манас» — кыргыздын баатырдык эпосу» аттуу фундаменталдуу эмгегинде терең чагылдырылган. Эмгекте эпостун айтуучулары, түрдүү варианттары, мазмун менен форманын негизги өзгөчөлүктөрү, башкы темалары менен сюжеттери, жаралыш доору, каармандардын образдары, көркөм сөз каражаттары, чыгыш элдеринин эпикалык мурастары менен байланыштары сыяктуу өтө орчундуу маселелер каралган. А-дун «Манас» эпосуна карата мамилеси 1952-ж. өткөрүлгөн Бүткүл союздук илимий конференцияда бөтөнчө ачык көрүнгөн. Анда А. кыргыздын улуу мурасына вульгардык социологиянын көз карашынан мамиле жасаган изилдөөчүлөргө чечкиндүү каршы чыгып, «Манастын» элдик эпос экенин далилдеген. А. Ленин ордени жана медалдар менен сыйланган.
А. Эркебаев


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: