АПЫ |
АПЫЛАТУН ИЛАКАР — байыркы грек философу Платондун (б. з. ч. 428 же 427—348 же 347) «Манас эпосундагы аты. Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча Искендер Зулкарнайынды (Александр Македондукту; биздин заманга чейин 356—323) «Аскер баштап, кол жайып ар өнөргө үйрөтүп жүргөн» (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 575-инв., 104-б.) адам. Эпос боюнча аярлык өнөр кийинкилерге ушул А. И-дан өткөн. Мисалы, калмактын Куяс аяры А. И-дан калган өнөрдү пайдаланып, жолдогу дарактарды, чөп-чарды жаракчан аскерге айландырып, Ала-Тоону душмандан бошоткону Алтайдан аттанып чыккан Манастын колун тостурат. Катыраң деген аяр кыз А. И-дан калган кернейди тартып, адамдарды кубултуп башка түргө өткөрөт (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 575-инв., 104—1206.; 576-инв., 574—575-б.). Апылатунду улуу колбашчы Искендер Зулкарнайынга байланыштырган аңыз кыргыздардын арасында азыр да учурайт (мисалы, Аксы аймагындагы Афлатун тоосунун атына байланышкан аңызда). Чындыгында Платон Искендердин өзүнүн эмес, анын устаты Аристотелдин (б. з. ч. 384—322) таалимчиси болгон. Р. Сарыпбеков |
Получить все переводы слова - "АПЫ" по направлению Кыргызский-Кыргызский.
Найти все переводы слова "АПЫ" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк
Хотите добавить свой перевод для слово: "АПЫ"?
Ввойти