АЛГЫР КУШТАР |
Сыны Сыргак, ашык эр, Атышкан жоону көргөндө Ажал өлүм кайда дээр Өлүмдү билбес өзү бар, Өрт жалындай көзү бар. Өчөшкөн жоону көргөндө Өкүмат өткүр сөзү бар (Сагымбай Орозбаков, 4. 174) Сыргакты тандайт. А. к-дын абдан тез учушу баатырлардын шамдагайлыгын, аңга, илбээсинге токтолбой кол салышы каармандардын көрсөткөн эрдигин белгилөө үчүн, айрыкча согуштук көрүнүштөрдү, баатырлардын согушка киришин сүрөттөөдө пайдаланылат: Жагалмайдай эр Чубак Көкөтөйдүн Бокмурун Жерден эңип кетти эле, Мааникерге мингизип Аман алып өттү эми (Саякбай Каралаев, 2. 150), же Берен Сыргак кырааның Ылаачын тийген таандай Ар жагына бир чыгып, Бер жагынан качырып Калың кытай сан колду Сүрүп кетип баратат (Саякбай Каралаев, 2. 152). Эпосто ошондой эле каармандардын жаш өзгөчөлүгүн белгилөөдө да А. к-га байланыштуу айтылган учурлар кездешет. Жаралуу болуп казаттан кайтып келаткан Манас баласын алып алдынан тосуп чыккан Каныкейге төмөнкүчө кайрылат: Алып келчи бер жакка Өлгөндө көргөн баламды! Боз ала туйгун болпоңду, Алып келчи бер жакка Боз карчыга чолпонду! (Саякбай Каралаев, 2. 223). Көкөтөйдүн ашында түктүү таман Түкүбай менен күрөшүүгө Агыштын жарай турганын айтып келип Каныкей: Оролмо тоонун ак ийиндей бүркүттү Балдагы жок кондуруп, Салып чыгып келаткан Агыштай эрди көргөмүн (Саякбай Каралаев, 2. 52), — дейт. Карышкыр алчу алп бүркүттү балдагы жок кондуруп жүргөндүгүн айтуу менен Агыштын балбандыгы белгиленип жатат. Кыраандардан ителги, ылаачын, куш, жагалмай, турумтай өңдүүлөргө томого катпайт. Мүнүшкөрлөр алгырларды таптоодо аларды кармоо (куш күйүү), үндөктөө (колго коңдуруу), түлөккө отургузуу (түлөтүү), таптоо (аңга даярдоо), аңга салуу (алдыруу) өңдүү жолдорду басып өтөт. Иленин суусун бойлошуп, Ителги салып ойношуп, Чүйдүн суусун бойлошуп Чүйлү салып ойношуп, — деп сүрөттөлгөндөй элдик таң-тамашалардын бир түрү болгон алгыр куштарды салуу эпостон айрыкча анын «Семетей» бөлүмүндө айтылат. Мисалы, Күлешендин Гүл-Токойдо шумкарына илбээсин алдырып жүргөн Семетей Сарытазга жолугуп, андан ата-тегин угат. Адатынча тапка келген Акшумкарды алып салбырынга чыккан Семетей аккуу болуп кубулган Айчүрөккө шумкарын алдырып жиберет жана башкалар Кыраан куштар күлүк ат, сулуу кыз, алгыр тайган, жамбы өңдөнүп илгертен баркканаркка өткөн. Бул эпосто Акшумкардын жогору бааланышынан да көрүнөт. Акшумкар Манастан Семетейге мурас болуп калат; Айчүрөк Семетей шумкары үчүн болсо да келет деп, атайылап Акшумкарды алып кетет; Үргөнчтүн боюнда Акшумкарды сурап Айчүрөккө кайрылган Күлчоро: Жоготуп койсоң шумкарды Сен өңдөнгөн кыздардан Токсон бир кыздын доосу бар (Саякбай Каралаев, «Семетей», 2. 54)— дейт. Азыр улуттук спорттун бир түрү катары бааланып, ири салтанаттарда куш салуу тамашасынын өткөрүлүшү байыркы өнөрдүн туура бааланышы болуп саналат. А. Акматалиев |
Получить все переводы слова - "АЛГЫР КУШТАР" по направлению Кыргызский-Кыргызский.
Найти все переводы слова "АЛГЫР КУШТАР" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк
Хотите добавить свой перевод для слово: "АЛГЫР КУШТАР"?
Ввойти