АГЫШ |
Оролмо тоонун ак ийиндей бүркүттү Балдагы жок кондуруп, Салып чыгып келаткан Агыштай эрди көргөмүн... Керекке жарар эр экен, Кең пейил тууган шер экен (Саякбай Каралаев, 2. 52). Ашка келип зыйнатка турган элдин ичинен А-ты издеп таппай жүрүп ордо кыздарынын арасынан табышат. Күрөшөрүндө Манаска «камчы менен чаап жиберип этимди ачынтпасаң күлүп жүрө берем» дейт да, эки күн, эки түн Түкүбай менен күрөшүп күлүп жүрүп алат. Күлкүсүнө ачуусу келген Манас камчы менен аны томукка бир салганда гана ачынган А. Түкүбайды көтөрүп туруп, башынан айлантып балбан ташка чаап салат. «Бул байгеңди албаймын, Кыздарымдан калбаймын», — деп байгеге да карабай ордо кыздарды карай жөнөп кеткени А-тын өзүнө гана таандык кызык мүнөзүн көрсөтүп турат (Саякбай Каралаев, 2. 53—54). Сагымбай Орозбаковдун вариантында уруу башчыларынын катарында саналат. Кытайлар байгеге зордук кылганда колу менен Манаска кошулат (Сагымбай Орозбаков, 2. 278). С. Төлөгөнова |
Получить все переводы слова - "АГЫШ" по направлению Кыргызский-Кыргызский.
Найти все переводы слова "АГЫШ" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк
Хотите добавить свой перевод для слово: "АГЫШ"?
Ввойти