– окуучулардын
таанып билүүлөрүн активдештирүү үчүн колдонулуучу окутуунун методдорунун бири.
Аде окуучулар мугалим же жолдоштору тарабынан коюлуучу суроолорго жооп берүү менен
жаңы билимдерге ээ болушат, өтүлгөн материалды кайталап бекемдешет. Ошондуктан
суроолор жаңы түшүнүктөрдү калыптандырууга, фактылардын, кубулуштардын жана процесстердин
арасындагы жаңы байланыштарды түзүүгө, билимдерди пайдаланууга арналып так,
түшүнүктүү формулировкаланышы зарыл. А. кезинде окуучулардын жекече
өзгөчөлүктөрү ачык көрүнөт. Алардын бирөө окуянын же кубулуштун мүнөздүү
белгилерин тез көрө билсе, экинчиси проблеманын мазмунун кыскача
формулировкалаганды жакшы билет, үчүнчүсү – процессти график түрүндө сүрөттөп
көрсөтүү менен калгандарга орчундуу жардам көрсөтөт. А. – психология жана пед.
илимдеринде адамдын психологиялык өзгөчөлүктөрүн (анын ишенимин, аракеттенүү
багытын, кызыгуусун, чөйрөгө жана адамдарга болгон мамилесин ж. б.) ошол
өзгөчөлүктөрдүн калыптануу шарттарын үйрөнүү максатында пайдаланылат. А-ни
ийгиликтүү өткөрүү үчүн, биринчиден, көрүнгөн суроолорду эле берүүгө болбойт,
мында негизгиси А-нин натыйжасында кайсыл маселе аныкталууга тийиш экендиги
эске алынууга тийиш, экинчиден, изилдөөчүнүн билгичтиги, даярдыгынын
күчтүүлүгү, өзүнө керектүү маалыматтарды түздөн түз байкоолордон топтоп
алуучулугу болууга тийиш; үчүнчүдөн, изилдөөчүнүн адамды өзүнө тарта билгичтиги,
анын адамга жасаган мамилесинин маданияттуулугу чоң роль ойнойт, ансыз
изилдөөчү А-ни суракка айландырып жиберүүсү ыктымал. Буга эч жол берилбейт.