Кыргызстан |
Өлкө түндүктөн Казакстан, батыштан Өзбекстан, түштүк-батыштан Тажикстан, ал эми түштүк –чыгыштан Кытай Эл Республикасы менен чектешет. Кыргызстандын калкы 6,0 миллиондон ашуун адам. Анын 72,6% (4099миң) кыргыздар, 14,34% (816,2миң) өзбектер, 6,87%(375,4миң) орустар жана дунгандар — 64 565, уйгурлар — 52 456, тажиктер — 50 174, түрктөр — 40 953, казактар — 33 701, татарлар — 28 059, азербайжандар — 18 946, корейлер — 16 807, украиндер — 14 485, немистер түзөт. Жалпысынан өлкөдө 80ден ашык улуттардын өкүлдөрү жашайт. Жалпы калктын 32,8% 14 жашка чейинки балдар түзөт. Эмгекке жарамдуулар калктын 56,1%, ал эми ишке жарамдуулардан улуулар – 8,7% түзөт. Кыргызстан – Чыгыш менен Батышты бириктире турган тогуз жолдун тоомунда – борбордук азия цивилизациясынын кан жолунда жайгашкан. Сулайман-Тоо, Өзгөндөгү тарыхый комплекс, Саймалуу таштагы сүрөттөр, Манастын күмбөзү, Таш-Рабат тарыхый кербен сарайы, Бурана мунарасы кыргыз жеринин байыркы тарыхтан калган кереметтери катары бааланат. Добавлен пользователем Руслан Чодоев |
Получить все переводы слова - "Кыргызстан" по направлению Кыргызский-Кыргызский.
Найти все переводы слова "Кыргызстан" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк
Хотите добавить свой перевод для слово: "Кыргызстан"?
Ввойти