Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов:
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - “Ак кеме” Ч. Айтматовдун бул повести алгач орус тилинде “Нов
  • “Ак кеме” Ч. Айтматовдун бул повести алгач орус тилинде “Нов
 

“Ак кеме” Ч. Айтматовдун бул повести алгач орус тилинде “Нов

 
“Ак кеме” Ч. Айтматовдун бул повести алгач орус тилинде “Новый мир” (1970, № 1) журналында, кыргызчасы (1978) “Ала-Тоо” журналынын № 2 санында жарык көргөн. Чыгарманын “Ак кеме” деп аталып калышы жөнүндө жазуучу мындай дейт: “... Мен повестти “Новый мирге” алып барганымда Твардовский (журналдын ошол кездеги башкы редактору) “Жомоктон кийин” деген ат өтө эле жөн салды, кулакка комсоо угулат экен, андыктан башкачараак эле атабайлыбы деп, “Ак кеме” деген атты сунуш кылды” (“Точка присоединения”). Чыгарманын алгачкы аталышы айтып тургандай повесттин борбордук түйүнү Мүйүздүү Эне жөнүндөгү жомокко барып такалат. Кыргыз элиндеги бугу уруусунун генеалогиясы жөнүндөгү санжыра-легенданын негизинде жазуучу тарабынан жаралган “жаңы” жомок повестте образдар менен жуурулушуп, чыгарманын идеялык-эстетикалык касиетин ачуучу каражат катары колдонулат. “Ак кеменин” жарык көрүшү адабий чөйрөдө зор кызыгууну жаратты. Окурмандарды күйгүлтүккө түшүрүп, сынчыларды талаш-тартышка салган негизги маселе – бул баланын “адамдар” арасында жашагысы келбей “балык болуп сүзүп кетүүсү”. Д. Стариков (“Лит. газета”, 1970, 1-июль), А. Алимжанов (“Лит, газета”, 1970, 8-июль) өңдүү айрым рецензенттер повестти адамды көңүл чөгөт кылчу пессимисттик чыгарма катары таанышты. Баланы интернатка орноштуруу, Момунду пенсияга чыгаруу, Орозкулду камоо тууралуу авторго кеңеш берген окурмандар да болду. Акыры талкууга автор өзү да аралашып, өз концепциясын, адабияттагы трагизм маселесине жасаган принципиалдуу пикирин мындайча туюндурду: “Ак кемедеги” баланын өлүмү аркылуу мен түк да жамандык жакшылыкты сүрүп чыгарарын көрсөткөн жерим жок, менин көздөгөн максатым – ак иштин арыбас экендигин ачып берүү, ал үчүн кейипкер өз жанын кыйып болсо да күрөшө тургандыгын көрсөтүү. Албетте, аным канчалык деңгээлде жүзөгө ашты – окуучулар өздөрү аныкташаар. А бирок бир нерсеге акыйкат көзүм жетип турат: жеңиш эч качан сынчылар айткандай Орозкул тарапта эмес – кыңыр иш качан болсо кыңыр бойдон калат. Ырас, бала мерт болду, бирок анын адамдык абийири, ыймандык зоболосу бийик бойдон калды”. (“Необходимые уточнения”. “Лит. газета”. 1970. 29-июля). Чыгарманын негизинде аты уйкаш “Ак кеме” аттуу көркөм фильм (реж. Б. Шамшиев, 1975) тартылган. 1977-ж. “Ак кеме” повести жана ал боюнча тартылган фильм СССР Мамлекетик сыйлыка татыктуу болгон. Бул повесть сахналаштырылып, дүйнөнүн көптөгөн театрларында көрүүчүлөргө тартууланган.
Добавлен пользователем ☞маванкуЙ •橱 от:2013-04-09 21:54:08.
Перевести через онлайн Переводчик

Получить все переводы слова - "“Ак кеме” Ч. Айтматовдун бул повести алгач орус тилинде “Нов" по направлению Кыргызский-Русский.
Найти все переводы слова "“Ак кеме” Ч. Айтматовдун бул повести алгач орус тилинде “Нов" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "“Ак кеме” Ч. Айтматовдун бул повести алгач орус тилинде “Нов"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru