Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов:
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - Пытка
  • пытка
 

Пытка

 
КЫЙНОО – эларалык укукта иштелип чыккан аныктама боюнча, «кимдир бирөөдөн же үчүнчү бир жактан маалымат алуу же шек саналган адамдын кандайдыр бир ишти жасагандыгын мойнуна алуусу үчүн, ошондой эле кимдир бирөөнү же үчүнчү бир жакты коркутуп-үркүтүү же мажбурлоо үчүн денебоюн оорутуу же кыйноого салуу аркылуу ырасмий түрдө аракет кылган мамлекеттик кызмат адамдары же дагы башка жактар тарабынан жасалган же алардын айдагы же көрсөтмөсү же унчукпаган макулдугу боюнча жасалган басмырлоо мүнөзүндөгү баардык аракеттер. Мыйзамдуу санкция жасалган, ал санкциядан бөлүнбөн же кокустуктан келип чыккан кыйналуу-кысталуулар бул аныктамага кирбейт» (Кыйноого жана башка катаал, адамкерчиликсиз, адам беделине доо кетире турган мамиле менен жазаларга каршы 1984-жылкы конвенция). Азыркы мамлекеттердин конституциялары менен мыйзамдарында, анын ичинде КРде дагы, кыйноого тыюу салынган. КР кылмыш-жаза мыйзамдары боюнча, кыйноо маалымат алуу же кылмышты мойнуна алдыруу максатында, жасаган же жасагандыгы тууралуу шек саналган кылмышы үчүн жазалоо, ошондой эле кандайдыр бир аракеттерди жасатуу максатында коркутуу жана мажбурлоо кызмат адамдары тарабынан же алардын макулдугу менен жасала турган болсо, анда андай аракет кызмат кылмыштарынын бир түрү болуп саналат.
Перевести через онлайн Переводчик

Получить все переводы слова - "Пытка" по направлению Русский-Кыргызский.
Найти все переводы слова "Пытка" на Русском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "Пытка"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru