Меню
Эл-Сөздүк

Командировка

КОМАНДИРОВКА – уюмдун жетекчисинин тескемеси боюнча кызмат тапшырмасын аткаруу үчүн кызматкердин туруктуу иштеген жеринен сырткары барып келүүсү. К-га барып келген, анын ичинде жолдо жүргөн учурдун баарында, ал адамдын жумуш орду (кызмат орду), орточо айлык акысы сакталып турат. Жолдо жүргөн жана К-да болгон арбир күнү үчүн, жөнөгөн жана кайра келген күндөрүнө кошо кызматкерге суткалык төлөнүп берилет. Ошондой эле туракжай жалдоого компенсация берилиши ыктымал. К-га барчу жерине жетүүчү жана кайра келүүчү чыгымдары тийешелүү жолдо жүрүү документтерине ылайык төлөнөт.
Перевести через онлайн Переводчик



Такое же слова на других языках:

KG


Похожие слова на других языках:

KG
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: