Егерь ЕГЕРЬ (АҢСАКЧЫ) (нем. Jager – аңчы) – аңчылык чарбаларындагы кызмат адамы, аңчылыкка ынтызарларды тейлөөчү адис-аңчы. Аңчылык жөнүндө мыйзамдардын жана жаратылышты коргоо эрежелеринин сакталуусун көзөмөлдөйт.