Menu
Эл-Сөздүк

Акциз

АКЦИЗ (фр. accise, лат. accidere – кесүү) – негизинен кеңири керектелүүчү товарларга жана жеке менчик ишканалар көрсөтүүчү кызматтарга (баасына же тарифине кошулган ) салынуучу кыйыр салыктардын түрү. Сатып алуучулар (кардарлар) тарабынан төлөнөт. Алуу ыкмасына карай индивидуалдык (жеке) жана универсалдык (жалпы) болуп бөлүнөт. Индивидуалдык А. товарлар менен кызмат көрсөтүүлөрдүн кээбир түрлөрүнө, ар бир товар (кызмат) бирдигине туруктуу өлчөмдө белгиленет. Универсалдык А. жүгүртүмдөн дүң алынат жана товардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркына карата үстөк пайыз түрүндө белгиленет. А. жыйноочулары иш жүзүндө, же ошол акциздик товарды өндүрүүчүлөр, же салык салынган кызматтарды көрсөтүүчүлөр болот. Товарларга А. үч түрдүү салынат: а) бирдиктүү-топтун ичинде сапаты, сорту жана баасы боюнча анча айырмаланбаган товарлар үчүн (туз, ширеңке, шекер); б) дифференциалдуу (айырмалуу) түсү, бышыктыгы боюнча ар түркүн сапаттык белгилерге ээ товарлар үчүн (шарап, зергер буюмдар ж. б. ); в) орточо, сорттору ар түрдүү баадагы бир кылка товарлар үчүн (тамеки буюмдары).
Перевести через онлайн Переводчик

So following similar words is found:
strtoupper(RU)


Found words in another language:

KG


Found similar words in another language:

KG
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: