|
Штат
|
|
ШТАТ (англ. state – мамлекет) – кээбир өлкөлөрдөгү (АКШ, Бразилия, Венесуэла, Мексика, Нигерия ж. б.) кошуундук субъектилеринин аталышы. Ш-тын укуктук абалы, анын бийлик органдарынын ыйгарым укук көлөмү, борбордук өкмөт менен өзара мамилеси кошуундук конституция тарабынан аныкталат. Айрым өлкөлөрдүн (АКШ, Мексика) Ш-нын өз конституциялары бар. Ш-тын башында ыйгарым укуктары мамлекет башыныкына кандайдыр бир деңгээде окшошуп кеткен, шайлануучу же дайындалуучу губернатор турат. Ш-тын мыйзам чыгаруу органы адатта эки палаталуу болот. Өз сот тутуму, эреже катары, өз кылмыш-жаза жана жарандык мыйзамдарына ээ. Эгемен мамлекет болуп саналбайт.
|