|
Фитоконтроль
|
|
ФИТОКӨЗӨМӨЛ (гр. phyton – өсүмдүк) – жугуштуу ооруларды жана айылчарба зыянкечтерин алып кирүүнү, жайылтууну болтурбоо үчүн өлкөгө алынып келинүүчү товарларга, унаа каражаттарына карата атайын мамлекеттик органдар тарабынан ишке ашырылуучу көзөмөлдөө-коргоо иш чараларынын комплекси. Уруктар, жемиштер, жандуу өсүмдүктөр жана алардын бөлүктөрү, өсүмдүктөрдүн өзөктөрү, кургак жемиштер жана өсүмдүк түрүндөгү башка жүктөр, ошондой эле карантиндик товарларды орооч катары кызмат кылган ийдиштер Ф-дөн өткөрүлөт. Ф. өлкөнүн аймагына кирген баардык унаа-көөлүктөрүн карантиндик кароодон өткөрүү жана товарлардын тийиштүү тастыктамаларын текшерүү менен ишке ашырылат. КР баардык карантиндеги объекттерди ташып келүүгө жана ташып өтүүгө тийиштүү мамлекеттик органдардын улуксаты менен гана жол берилет.
|