|
Таможенный контроль
|
|
БАЖЫ КӨЗӨМӨЛҮ – бажы органдарынын жүктөрдүн, унаа каражаттарынын, валютанын, валюта баалуулуктарынын ташып кирүү, ташып чыгуу же транзит тартибин жөнгө салуучу белгиленген мыйзам менен эрежелерди жеке жана юридикалык жактардын сактоосуна багытталган зарыл иш-аракеттерди жасоосу. Б. к. бажы максатына зарыл болгон документтер менен маалыматтарды текшерүү жолу аркылуу КР бажы органдарынын кызмат адамдары тарабынан жүргүзүлөт. Б. к-н жүргүзүүдө адамдын, жаныбарлардын өмүрү менен денсоолугу, өсүмдүктөр үчүн коопсуз, адамдарга, унаа каражаттарына, товарларга зыян келтирбеген техникалык каражаттар колдонулушу мүмкүн.
|