|
Таможенные льготы
|
|
БАЖЫ ЖЕҢИЛДИКТЕРИ – товарларды, баалуулуктарды, жеке буюмдарды ж. б. ташып чыгууда, ташууда же ташып өтүүдө жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү артыкчылык. Б. ж. жалпы кабылданган бажы режимине караганда жагымдуу таасир тийгизет. Бажы алымдары менен жыйымдарынан бошотуу (тарифтик жеңилдиктер), товарларды, жеке буюмдарды бажы чегарасынан жеңилдетилген жолжоболорду колдонуу аркылуу же мындай жолжоболорду таптакыр эле колдонбостон өткөрүү, жалпы эреже боюнча чегарага кирип-чыгууга тыюу салынган кандайдыр бир нерселердин өлкөгө ташылып келүүсүнө же ташылып чыгуусуна укук берүү түрүндө ишке ашырылат.
|