|
Страховые брокеры
|
|
КАМСЫЗДАНДЫРУУ ДАЛДАЛЧЫЛАРЫ – ишкерлер катары белгиленген тартипте каттоого алынган, камсыздануучунун же камсыздандыруучунун тапшыруусунун негизинде камсыздандыруу боюнча ортомчулук иш-аракеттерин өз атынан жүргүзүүчү юридикалык же жеке жактар. К. д. камсыздандыруу көзөмөлү боюнча КР мамлекеттик башкаруу органынын реестринде катталып, улуксат алгандан кийин гана өз иш-аракетин жүзөгө ашыра алышат. Камсыздандыруучулар жогоруда айтылган реестрде катталган К. д. менен гана кызматташууга укуктуу. К. көзөмөлү боюнча мамлекеттик орган К. д-нын кесиптик жарамдуулугунун жана каржылык ишенимдүүлүгүнүн деңгээлине карата талаптарды белгилеген ченемдик актыларды чыгарууга акылуу.
|