|
Санкции международные
|
|
ЭЛАРАЛЫК САНКЦИЯ – эларалык укук доктринасында жана иш-тажырыйбасында: а) бузуучу-мамлекет үчүн жамгымсыз кесепет экендигин көрсөткөн эларалык укук ченеминин түзүмдүк бөлүкчөсү; б) эларалык уюмдар, баарыдан мурда БУУ тарабынан колдонула турган мажбурлоо чарасы; в) эларалык кылмыштын залакасы катары эларалык-укуктук жоопкерчиликтин өзгөчө саясий таризи; г) эларалык укук бузууга жооп болуп саналган жекече жана жамаатташ мажбурлоо чаралары; д) эларалык укук бузуу жоопкерчилигинен качкан мамлекетке каршы колдонулуучу мажбурлоо чаралары. Жамаатташ чаралар да ушундай эле мүнөз күтөт.
|