Меню
Эл-Сөздүк

Репарации

РЕПАРАЦИИ (КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮЛӨР) (лат. reparatio – калыбына келтирүү) – эларалык укуктун субъектинин эларалык укук бузууларынын натыйжасында экинчи субъектке келтирген зыяндары үчүн материалдык жоопкерчилигинин бир түрү. Р. натуралай, акчалай же башка материалдык калыбына келтирүү, болбосо биреле убакта чыгымдардын ордун толтуруу жана реституция түрүндө төлөнүшү мүмкүн. Алгач Р. зыянды толтуруунун жолу катары Германиянын жана анын союздаштарынын 1914–1918-жылдардагы Биринчи дүйнөлүк согуштун жүрүшүндө келтирген зыяндарды төлөп берүүсү 1919-жылкы Версалдык тынчтык келишиминде каралган. Азыркы учурдагы эларалык укукта Р. баарыдан мурда баскынчылык согушту баштаган мамлекеттин материалдык жоопкерчилиги катары чыгат (согуштук Р.).
Перевести через онлайн Переводчик



Мындан бөлөк тилдерде табылган окшош сөздөр:

KG
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: