-
Реабилитация
-
РЕАБИЛИТАЦИЯ (АКТОО) (кийинки лат.– rehabilitatio – укугун калыбына келтирүү) – укуктарын калыбына келтирүү. 1) кудуретсиздик иштерде карызкордун төлөм жарамдуулугун калыбына келтирүү максаттарында колдонулуучу жолжобо. Сот же соттон тышкаркы тартипте калыбына келтирүү карызкор-юридикалык жакка жана сот тартибинде гана карызкор-жеке ишкерге карата жүргүзүлөт; 2) организмдин бузулган иштөө милдеттерин, ошондой эле оорулуулардын жана майыптардын социалдык милдеттерин жана эмгекке жарамдуулугун калыбына келтирүүгө (же компенсациялоого) багытталган медициналык, педагогикалык жана социалдык иш-чаралардын комплекси; 3) саясий куугунтуктоолордун курмандыктарын жана куугунтукталган элдерди Р-лоо бир катар өзгөчөлүктөргө ээ. Р-ланган адамдын жоготкон укуктары, аскердик жана атайын наамдары калыбына келтирилет, аларга мамлекеттик сыйлыктары, жеңилдиктери кайтарылып берилет, мыйзамдарда белгиленген тартипте компенсациялар төлөнөт.
Найдены по другим направлениям
Такое же слова на других языках:
Похожие слова на других языках:
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Реабилитация