|
Потребительская кооперация
|
|
КЕРЕК-ЖАРАК КООПЕРАЦИЯСЫ – кээбир өлкөлөрдө, мисалы, РФде уставдарынын негизинде, өздөрүнүн товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө болгон керектөөлөрүн акчалай жана материалдык мүчөлүк акылардын эсебинен канааттандыруу максатында аракеттенүүчү пайчылардын ыктыярдуу коомдорунун, алардын бирикмелеринин жыйындысы. 16 жашка толгон жарандар жана юридикалык жактар керек-жарак коомдорунун (бирликтеринин, кооперативдеринин) пайчылары (мүчөлөрү) боло алышат. К.-ж. к. пайчыларынын мүдөөлөрүндө даярдоо, соода, өндүрүштүк, ортомчулук багытындагы, ошондой эле мыйзамда тыюу салынбаган башка ишмердиктерди жүзөгө ашырат, социалдык-тиричиликтик инфратүзүмдү өнүктүрүүгө артараптан көмөк көрсөтөт, кайрымдуулук иштерин жүргүзөт, эларалык кооперативдик кыймылга катышат. К.-ж. к-на туракжай курулуш, дача-курулуш, гараж, багбанчылык д. у. с. кооперативдер кирет. К.-ж. к. коммерциялык эмес уюм болуп саналат. К.-ж. к. тарабынан мыйзамга жана уставга ылайык жүзөгө ашырылган ишкердиктен алынган кирешелер анын мүчөлөрүнүн ортосунда бөлүштүрүлөт.
|