|
Последующий залог
|
|
КАЙТАЛАП КҮРӨӨГӨ КОЮУ – мурда күрөөгө коюлган мүлктү башка бир милдеттенмени камсыз кылуу үчүн кайрадан күрөөгө коюу. КР жарандык мыйзамдары боюнча кийинки күрөө кармоочунун талаптары ушул мүлктүн наркынан, бирок мурункусунун талаптарынан кийин гана канааттандырылат. Күрөө жөнүндө мурунку келишимде К. к. к-га тыюу салынбаса, К. к. к-га жол берилет. Күрөөгө коюучу арбир кийинки күрөө кармоочуга ушул мүлктүн мурда күрөөгө коюлганы жөнүндөгү баардык маалыматтарды билдирүүгө милдеттүү жана бул милдетти аткарбагандыктан улам келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик тартат.
|