|
Подкуп коммерческий
|
|
КОММЕРЦИЯЛЫК САТЫП АЛУУ – коммерциялык же башка уюмдагы кызмат мүдөөлөрүнө каршы багытталган экономикалык кылмыш, анда башкаруу милдеттерин аткарган адамга акча, баалуу кагаздарды, бөлөк мүлктөрдү мыйзамсыз берүүдө (ошондой адамдын мыйзамсыз алуусу), ошондой эле ага анын аракеттери (аракетсиздиги) үчүн мүлктүк мүнөздөгү мыйзамсыз кызмат көрсөтүүлөр берүүчүнүн кызыкчылыгына ал адамдын кызмат абалына байланыштуу жасалганында турат. Жогоруда айтылган жосундарды жасаган адам, эгер ага карата коркутуп-үркүтүү болсо, ошондой эле ал адам кылмыш-жаза ишин козгоого укуктуу органга К. с. а. тууралуу өз ыктыяры менен билдирсе, ал кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат.
|