Menü
Эл-Сөздүк

Подведомственность множественная

КӨПТҮК ВЕДОМСТВОЛУК ТИЙИШТҮҮЛҮК – иштердин белгилүү бир категориясын (түрүн) чечүүнү мыйзам бирнече түрдөгү органдарга бергендеги ведомстволук тийиштүүлүк. М.: жарандардын жана/же уюмдардын ортосундагы мүлк талаштары К. в. т-кө ээ, анткени, алар соттор гана эмес бейтарап соттор тарабынан да чечилиши мүмкүн. Бирнече органдардан иштин ведомстволук тийиштүүлүгүн мыйзам боюнча тандап алуу ыгына жараша К. в. т. альтернативдик, келишимдик, императивдик, шарттуу жана аралаш болуп бөлүнөт.
Перевести через онлайн Переводчик

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: