|
Плюрализм
|
|
ПЛЮРАЛИЗМ (лат. pluralis – көп түкүн) – саясий-укук теориясында экономикалык, саясий жана маданий турмуштун көп түрдүүлүгү менен субъекттерин камсыз кыла турган жарандык коом менен укуктук мамлекет түзүлүшүнүн түптүү негизин билдирүүчү түшүнүк. Демократиялык П. – чыныгы элдик бийликтин шартында адамдардын жүрүм-турумунда адеп-актык касиеттерди бекемдөө аркылуу коомдогу пикирлер менен көзкараштардын ар түрдүүлүгүн эске алуу менен, өзара пикир алышуу жана коомдук макулдашуулардын негизинде, жарандардын, аргандай саясий топтордун, коомдук уюмдардын өзара мамилелеринин таризи.
|