Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов:
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - Партийная система
  • Партийная система
 

Партийная система

 
ПАРТИЯЛЫК ТУТУМ – коомчулуктун саясий уюмдашуусун мүнөздөгөн, бир жагынан өзү дагы саясий партиялар менен мамлекеттин ортосундагы мамилелер аркылуу мүнөздөлө турган, экинчи жагынан – партиялардын саясий тутумдар менен жарандардын өзара карым-катнашы аркылуу мүнөздөлө турган институт. Ырасмий тыюу салынгандыгына байланыштуу, болжол менен жыйырма чакты өлкөдө (Бутан, Оман, Катар, Кувейт, Сауд Аравиясында ж. б.) саясий партиялар жок. Калган мамлекеттерде бир партиялуу же көп партиялуу тутумдар бар (кара:Көп партиялуулук). Конституциялык укук илиминде аргандай тутумдар кездешет: бири артыкчылык кылган көп партиялуу тутум – «биржарым партиялуулук» (Япония, Мексика, Швеция), эки жетектөөчү партиясы бар тутум – «эки партиялуу» (АКШ, Улуу Британия), эки жетектөөчү партиясы бар, бирок анын бири такай кыйла майда партия (партиялар) менен түзүлгөн биримдикке таянууга аргасыз болгон тутум – «2 жана 1/2 партиялуу» (ГФР), көп партиялуу тутумдун өзү Франция, Орусия, Кыргызстан). Кийинкисинин өзгөчө түрү катары партиялардын саны мыйзамда бышыкталган тутум (1966–1979-жж., Бразилияда, 1976–1990-жж., Сенегалда, азыркы учурда Нигерия менен Индонезияда жашап турат). Бир партиялуу тутумдар тоталитардык жана өкүмдар бийлик өкүм сүргөн өлкөлөргө мүнөздүү. Мында көп учурларда жападанжалгыз партиянын «жетекчи ролу» конституциялык бышыктоого ээ болот. Азыркы учурда бир партиялуу тутумдар КЭДРде, Вьетнамда, Лаосто, Кубада жашап турат. КЭРде көп партиялуулук сымак тутум жашап турат: чексиз бийликке ээ коммунисттик партия менен бир катарда анын кынк этпестен колдоочу дагы бир канча майда партиялар бар.
Перевести через онлайн Переводчик

Получить все переводы слова - "Партийная система" по направлению Русский-Кыргызский.
Найти все переводы слова "Партийная система" на Русском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "Партийная система"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru