Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов:
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - Обстоятельства, отягчающие наказание
  • Обстоятельства, отягчающие наказание
 

Обстоятельства, отягчающие наказание

 
ЖАЗАНЫ КАТУУЛАТА (ООРЛОТО) ТУРГАН ЖАГДАЙЛАР – КР кылмыш-жаза мыйзамдарындагы кылмыш жосуну да, кылмышкердин жеке кертбашы да коомчулукка коркунучтуу экендигин күбөлөндүрө турган жагдай. Ага төмөнкүлөр кирет: а) кылмышты бирнече ирет жасоо, кылмыш жасоону кесипке айлантуу өнөкөтү; б) топ ичинде, алдынала макулдашып алган топ менен, уюшулган топ же кылмыш шериктештиги (кылмышкерлер уюму) менен кошо кылмыш жасоо; в) кыянаттыктан же ыпластыктан улам кылмыш жасоо; г) өзүнүн кызмат же коомдук милдетин аткарып жаткан жактарга же алардын жакындарына каршы жасалган кылмыш; д) кылмыш жосуну аркылуу оор кесепеттерге алып келүү; е) эрезеге жетелек балдарга, кары-картаңдарга же жарымжан абалдагы адамдарга карата жасалган кылмыш; ж) күнөөкөргө кошбойлуу экендиги алдынала белгилүү болгон аялдарга карата жасалган кылмыш; з) күнөөкөргө материалдык, кызматтык же дагы башка жагынан көзкаранды болгон жактарга карата жасалган кылмыш; и) эрезеге жетелек балдарды же күнөөкөргө психикалык оорусу же кемакылдыгы мурдатан белгилүү болгон жактарды пайдалануу аркылуу жасалган кылмыш; к) өтө ашынган мыкаачылык же келекелөө менен жасалган кылмыш; л) жалпы кырсык, жалпы башаламандык, өзгөчө кырдаал шартынан пайдаланып жасалган кылмыш; м) жалпы коркунуч келтирген ыкма менен жасалган кылмыш; н) курал-жарак, ок-дары, жарылгыч заттарды, жардыруучу жана анын тууранды жабдууларын, атайын даярдалган техникалык жабдууларды, уулуу жана радиоактивдүү заттарды, дары-дармек ж. б. химиялык-фармакологиялык дарыларды, ошондой эле күч жана психологиялык мажбурлоолорду колдонуу аркылуу жасалган кылмыш; о) башка кылмыштарды жашыруу же анын жасалуусун жеңилдетүү максатында жасалган кылмыш; п) адамдын денсоолугу менен өмүрүнө коркунуч келтирүү менен, бирөөлөрдүн эмгек күчүн бекер пайдалануу максатында жасалган кылмыш.
Перевести через онлайн Переводчик

Получить все переводы слова - "Обстоятельства, отягчающие наказание" по направлению Русский-Кыргызский.
Найти все переводы слова "Обстоятельства, отягчающие наказание" на Русском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "Обстоятельства, отягчающие наказание"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru