|
Консул отдельный
|
|
ӨЗҮНЧӨ КОНСУЛ – өзалдынча (дипломаттык өкүлчүлүктөн сырт) консулдук мекеменин жетекчилигинде турган адам. Ө. к. өзү өкүлү болуучу мамлекет тарабынан кабыл алуучу мамлекеттин компетенттүү органына атайын документ – патент жөнөтүү аркылуу дайындалат. Консулдук милдеттерди жөнөтүү (белгиленген консулдук округдун чектеринде) үчүн ага кабыл алуучу өлкөнүн тышкы иштер министрлигине улуксат (экзекватура) берилет. Ө. к. өз ишмердигинде өз өлкөсүнүн дипломаттык өкүлчүлүгүнө (эгер ал болсо) баш ийет, эреже катары, анын бийликтери менен түздөнтүз алакалашуу укугуна да ээ. Эларалык укукта Ө. к-дун 4 классы белгиленген: 1) башкы консул; 2) консул; 3) вице-консул; 4) консулдук агент. КР мыйзамдарында ушундай бөлүштүрүү каралган.
|