Menu
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Коммюнике

КОММЮНИКЕ (лат. communicatio – билдирүү, өткөрүп берүү) – мамлекеттик жогорку бийлик органдарынын, тышкы байланыштар органдарынын, аркыл мамлекеттердин же эларалык уюмдардын өкүлдөрүнүн мамлекеттер аралык мамилелердин кайсы бир тармагындагы абал, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү же жыйынтыктары, жүрүп жаткан согуштук аракеттер ж. б. жөнүндө ырасмий билдирүүлөрү. Жалаң маалыматтык максаттардан сырткары К-де көбүнесе жарыялоочунун саясий-укуктук маселелерге карата мамилеси чагылдырылганда, аларга баа бергенде, кызыкдар субъекттердин максаттары жана милдеттенмелери, алардын ниеттери жана эскертүүлөрү жарыяланганда бир кыйла маанилүү жүк көтөрөт. Кээбир учурларда К-лер мамлекеттер аралык сүйлөшүүлөрдүн документ менен жол-жоболоштурган жыйынтыктарын камтыган материалдар болушу мүмкүн.



Found words in another language:

RU


Found similar words in another language:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: