|
Кодексы поведения
|
|
ЖҮРҮМ-ТУРУМ КОДЕКСТЕРИ – эларалык соода укуктарынын кошумча булактарынын бири. Эларалык экономикалык мамилелерди мамлекеттен тышкары жөнгө салуу үлгүсү болуп саналат. Алсак, 1937-жылы Эларалык соода палатасы тарабынан Жарнама иштеринин эларалык кодекси кабыл алынып, ал 1949-, 1955-, 1966-, 1973-, 1986-жылдары кайра каралган. Тийешелүү келишимдердин түзүлүшү менен Франшизы эларалык ассоциациясы тарабынан Ж.-т. к. (code ofethica ) басып чыгарылган. Табияты жагынан бири-бирине окшош документтер тийешелүү биржалар менен банк ассоциациялары, ошондой эле айрым фирмалар тарабынан түзүлөт.
|