|
Исправительные колонии общего режима
|
|
ЖАЛПЫ РЕЖИМДЕГИ ТҮЗӨТҮҮ АБАГЫ – КРде атайылап чоң коркунуч келтирбеген кылмыш, анча оор эмес кылмыш жасаган, ошондой эле байкабастыктан жасалган кылмыш жасагандыгы үчүн, биринчи жолу 5 жылдан узак мөөнөткө эркиндигинен ажыратылган эркек адамдар жаза мөөнөтүн өтөй турган түзөтүү абагынын бир түрү. Аялдар үчүн Ж. р. т. а-нда атайылап чоң коркунуч келтирбеген кылмыш, анча оор эмес кылмыш, оор кылмыш жасагандыгы, байкабастыктан жасалган кылмыш жасагандыгы үчүн, биринчи жолу 5 жылдан узак мөөнөткө эркиндигинен ажыратылган, эгер ал мурда да жаза мөөнөтүн эркиндигинен ажыратуу түрүндө өтөп чыгып, өнөкөт кылмыш жасаган, ошондой эле кооптуу өнөкөт кылмыш жасаган аялдар жаза мөөнөтүн өтөйт.
|