|
Дискреционная власть
|
|
ДИСКРЕЦИЯЛЫК БИЙЛИК (фр. discretionnaire – жеке ыктыярга көзкаранды) – органга же кызмат адамына мыйзам алкагында өзү ойлогондой аракеттенүү укугунун берилиши (м.; парламентардык республикада мамлекет башчысы демейки шарттарда премьер-министрдин же тийешелүү министрдин кароосусуз (контрасигнатура) ченемдик актыларды чыгара албайт, өзгөчө кырдаалдарда гана чыгара алат). Д. б. административдик органдар жана соттор тарабынан өзгөчө көп ишке ашырылат, ал иш жүзүндө колтийбестик, айыпсыздык презумпциясы деген сыяктуу демократиялык принциптерден баштартууну билдирет.
|