|
Депозит
|
|
ДЕПОЗИТ (лат. depositum – сактоого берилген буюм) – 1) банктардагы жана сактык кассаларындагы аманаттар. Мөөнөттүү, талап кылууга чейинки жана шарттуу Д. болуп бөлүнөт; 2) банк китептериндеги банкка карата кардарлардын белгилүү талаптарын бышыктоочу эскерткич жазуулар; 3) кредиттик мекемелерге сактоого берилүүчү баалуу кагаздар (акциялар жана облигациялар); 4) бажы алымдарын жана жыйымдарын төлөөнү камсыз кылууга бажы мекемелерине акчалай төгүмдөр; 5) сотко келүүнү, дооарызды камсыз кылууга сот жана административдик мекемелерге акчалай төгүмдөр.
|