|
Двойное страхование
|
|
КОШ КАМСЫЗДАНДЫРУУ – камсыздандыруу объектиси бирнече камсыздоочуда камсыздандырылуу менен, жалпы өлчөмү камсыздандыруу наркынан жогору болгон камсыздандыруу. К. к-да камсыздандыруу келишиминин арбириндеги мүлк жалпы камсыздандыруу келишиминдеги өлчөмгө салыштырмалуу кенедей эле өлчөмдү түзүп калат. Камсыздандыруучу камсыздоочу менен түзүлгөн келишимде көрсөтүлгөн камсыздоо өлчөмүнүн чегиндеги каражатты баардыгынан тең алууга укугу бар. Камсыздандыруу каражаты чыныгы тарткан зыяндын ордун жаппай калса, камсыздандыруучу жетпей калган каражатты башка камсыздоочудан алат. К. к-да, тарткан зыян орду башка камсыздоочу тарабынан төлөнгөндүгүнө байланыштуу, камсыздоо каражатын төлөөдөн толук же жарым-жартылай бошотулган камсыздоочу үнөмдөлгөн өлчөмдүн тийешелүү бөлүгүн ошол камсыздандыруучуга төлөп берүүгө тийиш.
|