|
Двойное налогообложение
|
|
КОШСАЛЫК – ар кайсы өлкөлөрдүн аргандай салык салуу түзүлүшүн колдонуудан улам келип чыккан жагдай. М., көп улуттуу компаниялардын чет өлкөдөн тапкан кирешесине киреше булагы болгон өлкөдө да, компания юридикалык каттоодон өткөн өлкөдө да салык салынат. К. сооданы өнүктүрүүгө жолтоо болорун эске алуу менен, резидент-компаниялардын кирешесинен салык алуунун өзара тартибин белгилей турган көпчүлүк мамлекеттер – салык салуу келишиминин катышуучулары (экономикалык шериктештик мүчөлөрү) келишимге компаниялардын кирешесинен бир гана өлкөдөн салык алына тургандай шарттарды киргизүүнү көздөп жатышат.
|