|
Государственный герб
|
|
МАМЛЕКЕТТИК ГЕРБ (поляк. herb , нем. Erbe – мурас) –
мамлекеттин ырасмий символдорунун бири болуп эсептелүүчү айырмалоочу белги;
желектерге жана тууларга, акча белгилерине, имараттардын маңдайына, жыйын
жайларына, жумушчу бөлмөлөргө, чегара белгилерине (мамыларына), мөөрлөргө,
бланктарга, ырасмий документтерге жана мамлекеттик сыйлыктарга түшүрүлөт. КР
мыйзамдары боюнча КР М. г-и КР мамлекеттик символу болуп эсептелет жана КР М.
г-и мамлекеттик органдардын же жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын,
ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан, айрым мамлекеттик-бийликтик ыйгарым
укуктар берилген уюмдардын мөөрлөрүнө жана бланктарына жайгаштырылат. КР М. г-и
КР жаранынын инсандыгын ырастоочу документтерге жана КР мамлекеттик органдары
берүүчү жалпы мамлекеттик үлгүдөгү башка документтерге түшүрүлөт. Бланктарды,
мөөрлөрдү жана КР М. г-и түшүрүлгөн башка булактарды даярдоо, пайдалануу, сактоо
жана жок кылуу тартиби КР Өкмөтү тарабынан аныкталат.
|