|
Гарантии избирательных прав граждан
|
|
ЖАРАНДАРДЫН ШАЙЛОО УКУГУНУН КЕПИЛДИГИ – КР жарандарынын шайлоо укугун камсыз кылуунун уюштуруу, укуктук, маалымат ж. б. каражаттары. КР жарандарынын шайлоо укуктары болуп мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына шайлоого жана шайланууга, анын ичинде талапкерлерди көрсөтүүгө, шайлоо алдындагы үгүттөөгө, шайлоонун өтүшүнө, шайлоо комиссияларынын иштерине байкоо жүргүзүүгө катышууга, шайлоолордун добуш берүү жыйынтыктарын жана натыйжаларды аныктоону камтуу менен, ошондой эле башка шайлоо иш аракеттерине катышуусу эсептелет. Жигердүү шайлоо укугу – КР жарандарынын мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына шайлоого укугу; солгун шайлоо укугу – КР жарандарынын мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына шайланууга укугу болуп айырмаланат.
|