Меню
Эл-Сөздүк

Военные преступления

СОГУШ КЫЛМЫШТАРЫ – эларалык укукта согуштун мыйзамдары менен салттарын өзгөчө олуттуу бузуу: өлтүрүү, басылып алынган аймактын жарандык элин кыйноо, кулчулукка жана башка максаттар үчүн алып кетүү; өлтүрүү, же деңиздеги аскер туткундарын же башкаларды кыйноо; кишилерди барымтага алуу жана өлтүрүү; коомдук же жеке менчиктерди талап-тоноо; калктуу конуштарды максатсыз кыйратуу; согуштук зарылдыксыз жакырлантуу; коркунучтуу күчтөр сакталган орнотмолорго жана курулмаларга (атомдук электростанцияларга, суу тосмолоруна, суу түйүндөрүнө) колсалуу; согуш аракеттерин токтоткон адамдарга колсалуу ж. б. С. к-нын тизмеси 1945-жылкы эларалык аскер трибуналынын Уставынын 6-статьясында, 1949-жылкы Согуш туткундарына мамиле тууралуу конвенциянын 130-статьясында жана башка биркатар эларалык актыларда берилген. С. к. биркатар учурларда эларалык кылмыш катары (кылган жосундары мамлекеттин кылмыштуу иштерине байланыштуу болсо), башка бир шарттарда эларалык мүнөздөгү кылмыш катары мүнөздөлүүсү мүмкүн; кийинки айтылган кылмыштардын катарына согуш жүрүп жаткан аймакта жеке инсандардын кертбашынын кызыкчылыгында жасаган кээбир кылмыштары (талап-тоноо, өлтүрүү, басып алынган аймактагы элге кордук көрсөтүү ж. б.) кирет. Алардын мамлекетке эч кандай байланышы жок, тим гана аткаруучулардын чектен чыгуулары. Мындай кылмыш иштери эларалык аскер трибуналында эмес, улуттук аскер сотторунда каралат.
Перевести через онлайн Переводчик

Котормолордун мисалдары: Военные преступления

Орусча Кыргызча
Виды экспертизы преступления экологических Экологиялык экспертиза жаатындагы жоопкерчилик белгиленген укук бузуулардын түрлөрү
Они заявили, что существует особая преступления спекуляции. Алар алыпсатарлык деген өзгөчө кылмыштын түрүн жарыялашкан.
Международная конвенция о пресечении и наказании преступления апартеида (1973); Апартеид кылмыштарын болтурбоо жана жазалоо боюнча Эл аралык Конвенция (1973);
Экономические споры и военные дела рассматриваются в специализированных судах. Экономикалык талаштар жана аскер иштери адистештирилген соттордо каралат.
Кроме того, военные издал приказ, запрещающий западные индейцы покидать резервации. Буга кошумча атайын аскердик буйрук чыгарылып, батыштагы түпкүлүктүү калк резервациялардан тышка чыкпоого тыйуу салынат.
Каждый обвиняемый в совершении уголовного преступления не обязан доказывать свою невиновность. Жазык иши боюнча айыпталуучу өзүнүн күнөөлүү эместигин далилдөөгө милдеттүү эмес.
Никто не может быть осужден лишь на основе его / ее собственному признанию в совершении преступления. Өзүнүн кылмыш жасагандыгын мойнуна алгандыгынын негизинде гана эчким соттолушу мүмкүн эмес.
Гражданин считается невиновным в совершении преступления, пока не определено виновным по порядку суда в силу. Мыйзамдуу күчүнө кирген сот өкүмү менен күнөөлүү деп табылмайынча жаран жасалган кылмыш үчүн күнөөлүү деп эсептелбейт.
имущество, полученное преступным путем, который является предметом преступления или подлежащего конфискации застрахован по договору; келишимде кылмыштуу жол менен табылган, кылмыш предмети болуп саналган же конфискацияланууга тийиш болгон мүлк камсыздандырылганда;
Дисциплинарные наказания налагаются сразу же после обнаружения какого-либо преступления, но не позднее чем через месяц со дня его обнаружения. Тартип жазасы түздөн-түз жорук аныкталганда, бирок ал аныкталган күндөн тартып алты айдан кечиктирбестен колдонулат.
Смертная казнь может устанавливаться законом и выноситься только в судебном порядке, как исключительной меры наказания за особо тяжкие преступления. Өлүм жазасы өтө оор кылмыш үчүн жазалоонун өзгөчө чарасы катары мыйзам тарабынан белгилениши жана сот тарабынан гана берилиши мүмкүн.
Военные готовы предоставлять свои сооружения, в пределах разумного, утвержденных проектов, и каждая ветвь имеет офис, который обрабатывает эти запросы. Куралдуу күчтөр болочок фильмди тартуу үчүн өздөрүнүн материалдык базасын кыйыктанбастан туруп колдонууга беришет жана алардын ар бир тармагында ушундай талаптарды канааттандыруу боюнча иштеген кызматтар бар.
Военные силы могут быть использованы для ликвидации последствий стихийных бедствий и в других подобных обстоятельствах, прямо предусмотренных законом. Аскер кызматчылары табигый кырсык залалдарын жоюу үчүн же мыйзамда ачык аныкталган учурларда башка экстремалдык кырдаалдарда пайдаланылышы мүмкүн.
В случае ареста Омбудсмен (Акыйкатчы) на месте совершения преступления, арест должностное лицо должно немедленно информировать Управление Генпрокуратуры (Прокуратура). Омбудсмен (Акыйкатчы) кылмыш жасалган жерде кармалган учурда кармаган кызмат адамы бул жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына ошол замат билдирет.
Лицо, осужденное за совершение преступления, не могут быть избраны в качестве Омбудсмена (Акыйкатчы), если эта судимость не был отстранен или удален в соответствии с законом. Жасаган кылмышы үчүн соттолгон адам, эгерде бул соттуулугу жоюлбаса жана мыйзамда белгиленген тартипте алынып салынбаса, Омбудсмен (Акыйкатчы) болуп шайлана албайт.
задерживать и доставлять лиц, совершивших преступления и административные правонарушения, связанные с охранные, защиты, воспроизводства лесов, в правоохранительные органы; токойлорду коргоо, сактоо, жаңыртып өстүрүү пайдалануу жагында кылмыш кылгандарды жана администрациялык укук бузууларды жасагандарды кармоо жана укук коргоо органдарына жеткирүү;
Ограничения, которые влияют на физическое и моральное неприкосновенность личности, допустимы только на основании закона по решению суда как наказание за совершение преступления. Инсандын денебоюнун, арнамысынын колтийгистигин чектөөгө жасалган кылмыш үчүн мыйзам негизинде жаза катарында сот өкүмү боюнча гана жол берилет.
До голосования за резолюцию, однако, Байден и сенатор-республиканец Ричард Лугар Индиана, чтобы принять решение, разрешающее военные действия только после исчерпания дипломатических усилий. Бирок акыркы резолюция үчүн добуш бергенге чейин Байден Индианадан шайланган республикачыл сенатор Ричард Лугар менен биргелешип иштеп, дипломатиялык аракеттер таптакыр натыйжа бербегенде гана согуштук аракеттерге жол бере турган резолюцияны өткөрүүгө ара
Судьи освобождаются от должности по собственному желанию, на основании здоровья, для совершения преступления, где есть убеждение суда в силу и по другим причинам, указанным конституционным законом. Соттор кызматынан өз каалоосу менен, ден соолугунун абалы боюнча, жасаган кылмышы үчүн соттун мыйзамдуу күчүнө кирген айып коюу өкүмүнүн негизинде, ошондой эле конституциялык мыйзамда каралган башка негиздер боюнча бошотулат.
Каждый задержанный, арестованный или обвиняемый в совершении уголовного преступления, имеет право на присутствие адвоката (защитника) с момента соответствующего задержания, ареста или предъявления обвинения. Кармалган, камакка алынган же кылмыш жасаган деп айыпталып жаткан ар бир киши кармалган, камакка алынган же күнөө коюлган учурдан тартып адвокаттын (коргоочу) жардамынан пайдаланууга укуктуу.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: