Меню
Эл-Сөздүк

Вероломство

ЖҮЗҮКАРАЛЫК – эларалык гуманитардык укукта каршылаштын ишенимине кирип, аны куралдуу кагылышуулардын учурунда корголуу укугуна ээлигине же эларалык укук ченемдерине ылайык ошондой укукту берүүгө милдеттүүлүгүнө ишендирүүгө багытталган аракеттер. Женева конвенциясынын 1949-жылдын 12-августундагы кошумча Протоколунун эларалык куралдуу кагылышуулардын курмандыктарын коргоого тийешелүү 37-статьясына ылайык 1977-жылдын 8-июнунан тартып Ж. менен каршылашты туткунга алууга же жарадар кылууга жана өлтүрүүгө тыюу салынат. Ж-тын мисалына төмөнкү анткорлуктар кирет: а) элдешүү желеги алдында сүйлөшүү аракетин кылымыш этүү же багынымыш болуу; б) жарадарлыгына же ооруга байланыштуу катардан чыгымыш этүү; в) жарандык адам же комбатант эмес болуу; г) БУУнун, бейтарап же жаңжалга аралашпаган башка мамлекеттердин аскердик кийим-кечесин, белгилерин жана энин пайдалануу менен өзүн корголуу укук-милдеттерине ээдей көрсөтүү. Ж-ты эларалык укукта тыюу салынбаган аскерий айла-амалдардан айырмалай билүү керек.
Перевести через онлайн Переводчик

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: