|
Авторитаризм
|
|
АВТОРИТАРИЗМ (ЖЕКЕ БИЙЛИК) (лат. autoritas – бийлик) – саясий бийлик тартибинин бир түрү
(демократия , тоталитаризм сыяктуу эле). Кандайдыр бир даражада жарандардын
саясий эркиндигин, баарыдан мурда оппозициячыл уюмдар менен басма сөздүн эркин
иш-аракетин чектеген, негизги, баардык десек да болот, мамлекеттик бийлик
тизгини бир колго (президент, монарх, премьер-министр), же төбөлдөр тобуна
топтогон түзүлүш. Шайлоолор менен жалпы элдик добуш берүүлөр өкмөт көзөмөлү
астында өтөт жана көпчүлүк учурда шарттуу түрдө, же будамайлоо жолу аркылуу
жүргүзүлөт. Бийлик жол-жобосу менен коомдук-саясий карым-катнаштардын мүнөзү баш
мыйзам ченемдерине да, жөн мыйзам ченемдерине да дал келбейт, же алар
демократиялык нугунан тайганына карабастан өзгөртүлө берет. Мүнөзүнө жараша жеке
бийлик тартибинин ченемдүү бийликтен тартып (м.: Франциядагы 1958–1969-жылдар
аралыгындагы де Голлдун тартиби) кызылкамчы бийликке чейинки (аскердик,
аскердик-полицейлик) аргандай түрлөрү кездешет. Бирок, кандай А-дин тушунда
болбосун, өкмөт коомдун баардык катмарын толук көзөмөлдөй албайт. Анын
тоталитаризмден айырмасы ушунда.
|