|
Талоон
|
|
ТАЛООН – эреже катары, экстремисттик уюмдар жана реакциячыл өкмөттүн полициясы тарабынан козутулган, диний, улуттук же расалык азчылыктарга каршы багытталган массалык ээнбаш, зомбулук иш-аракеттер. Бул түшүнүк XIX кылымдын аягында, кээбир шаарлардын еврейлер жашаган маалелеринде кыргын салуулар, зомбулуктар жана талап-тоноолор менен коштолуп, Россияда пайда болгон (Европада еврейлерди массалык уруп-согуулар XI кылымдан бери белгилүү). Ушундай Т-дор армяндарга каршы Түркияда (1915-ж.), еврейлерге каршы Германияда (1938–1945-жж.), Кавказдагы жана Орто Азиядагы айрым элдерге каршы мурдагы СССРде (1988–1989-жж.) болуп өткөн. Атамекендик кылмыш-жаза укугунда «Т.» аталгысы жапырт тартипсиздиктин көрүнүшүнүн бир түшүнүгү катары колдонулат. Мында Т. катары мүлктү, унааларды, байланыш каражаттарын жок кылуу же бузуп-талкалоо түшүнүлөт, ал көп учурда адамдарды мазактоо, коркутуу, өлтүрүү, зордуктоо, каракчылык кылуу, тоноолор ж. б. менен коштолот.
|