-
Өнөкөт кылмыш
-
ӨНӨКӨТ КЫЛМЫШ – кылмыштардын кайталануу түрү. КР кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык, мурда да атайылап кылмыш жасагандыгы үчүн соттуулугу бар адамдардын кайрадан атайылап кылмыш жасоосу Ө. к. катары түшүндүрүлөт. Ө. к. КР кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган негиз боюнча жана чекте кыйла катуу жазага алып келет. Төмөнкү Ө. к-тар кооптуу болуп саналат: 1) атайылап кылмыш жасагандыгы үчүн эркиндигинен ажыратылып жаткан адам мурда атайылап кылмыш жасагандыгы үчүн 3 ирет эркиндигинен ажыратылган болсо; 2) оор кылмыш жасаган адам мурда 2 ирет оор кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон болсо. Төмөндө Ө. к-тар өзгөчө коркунучтуу болуп саналат: 1) атайылап кылмыш жасагандыгы үчүн эркиндигинен ажыратылып жаткан адам мурда ушундай эле оор кылмышты жасагандыгы үчүн 3 же андан көп ирет соттолгон болсо; 2) оор кылмыш жасаган адам эгер мурда дагы 3 ирет оор кылмыш жасагандыгы же 2 жолу өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон болсо; 3) өзгөчө оор кылмыш жасаган адам эгер мурда дагы өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон болсо.
Найдены по другим направлениям
Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Өнөкөт кылмыш