Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов:
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - Өзүмбилем курулуш
  • Өзүмбилем курулуш
 

Өзүмбилем курулуш

 
ӨЗҮМБИЛЕМ КУРУЛУШ – КР жарандык мыйзамдары боюнча, мыйзамда ж. б. укуктук актыларда белгиленген тартиптеги максаттар үчүн бөлүнбөгөн жер участогунда салынган, болбосо керектүү улуксаты жок же шаар куруу жана курулуш ченемдери менен эрежелерди одоно бузуу аркылуу салынган турак үй, курулуштар же дагы башка кыймылсыз мүлк. Мындай участокто Ө. к. курган жак ага карата менчик укугуна ээ болбойт, аны тейлеп-тескей (сатуу, тартуулоо, ижарага берүү, дагы башка бүтүмдөрдү жүргүзө) албайт. Ө. к. өз бетинче курган жактын эсебинен бузулат. Бирок, ал участок белгиленген тартипте курулуш куруу үчүн бөлүнүп берилсе, Ө. к-унун ээси катары таанылышы мүмкүн (сот боюнча). Курулуш курулган жер участогу пайдалануусунда турган жак дагы Ө. к. ээси катары таанылышы мүмкүн. Мындай учурда ал жер участогунун ээсине сот тарабынан аныкталган зыян өлчөмүн кайтарып берүүгө тийиш. Эгер мындай курулушту сактап калуу башка жактардын укугу менен мыйзам тарабынан корголуучу кызыкчылыктарын бузса, болбосо жарандардын өмүрү менен денсоолугуна коркунуч келе турган болсо, жогоруда аталган жактар Ө. к. ээси катары таанылышы мүмкүн эмес.

Получить все переводы слова - "Өзүмбилем курулуш" по направлению Кыргызский-Кыргызский.
Найти все переводы слова "Өзүмбилем курулуш" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "Өзүмбилем курулуш"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru