|
Форварддык бүтүмдөр
|
|
ФОРВАРДДЫК БҮТҮМДӨР – айкын товарга (анын ичинде, баалуу кагаздар, валюталар) карата аны алып келип берүү мөөнөтүн кийинкиге калтыруу менен укуктарды жана милдеттенмелерди өзара өткөрүп беришүүгө байланышкан биржалык келишим. Ф. б. фьючерстик келишимдерден 2 жагдай менен айырмаланышат: базардын 2 катышуучусунун ортосунда түзүлөт жана тараптардын каалоолоруна жооп берүүчү шарттарды өзүнө камтыйт, ал эми биржаларда (фондулук, валюталык) түзүлгөн фьючерстик келишимдердин шарттары алдынала аныкталган жана стандартташтырылган болот; Ф. б. боюнча келишим ээсинин кирешелери же чыгымдары анын мөөнөтү бүткөн учурда аныкталат; фьючерстик келишимдер боюнча эсептөөлөр күн сайын өткөн соодалардын жыйынтыктарына жараша жүргүзүлөт.
|