Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов:
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - Укугун калыбына келтирген сот иши
  • Укугун калыбына келтирген сот иши
 

Укугун калыбына келтирген сот иши

 
УКУГУН КАЛЫБЫНА КЕЛТИРГЕН СОТ ИШИ – кайрылган тараптын жоготкон документи боюнча укугун калыбына келтирүүчү сот тартиби. У. к. к. с. и. – өзгөчө өндүрүштүн бир түрү. КР жарандык процесстик мыйзамдарына ылайык, өзүнүн күбөлүк документин жоготуп жиберген адам, мыйзамда белгиленген учурларда, ал документ жокко чыгарылып, ал документ боюнча укугун калыбына келтирип берүү өтүнүчү менен сотко кайрылууга акылуу. Арызды кабыл алгандан кийин, сот өзүнүн аныктамасы аркылуу документ берген мекемеге (жакка) ал документ боюнча төлөмдөрдү жүргүзүүгө же берүүгө тыюу салуу менен, бир нускасын документ берген мекемеге же каттоо ээсине же каттоочуга жиберет. Жоголгонун билдирген документ ээси жоголгондугу тууралуу билдирген күндөн тартып 3 айлык мөөнөт ичинде өз аныктамасын чыгарган сотко кайрылып, документке карата өзүнүн укугун билдирүүгө жана жоголгон документтин түпнускасын берүү тууралуу өтүнүүгө тийиш. Эгер документ ээси ушул шартты аткарса, сот документин жоготкондугу тууралуу арыз менен кайрылган адамдын арызын кароосуз калтырат жана документти берген мекеменин ал боюнча төлөмдөрдү жүргүзүүгө, берүүгө тыюу салган (2 айга чейинки) мөөнөт чектейт. Ошол эле учурда, сот жоготкондугун билдирген адамга документ ээсинин үстүнөн доо коюп, ал документти талап кылуу укугун, ал эми документ ээсине тыюу салуу чараларынын айынан тарткан чыгымын жоготкон адамдан доолап алуу укугун түшүндүрөт. Эгерде документ ээси ага өз укугу тууралуу билдирбесе, жоголгон документти жокко чыгарууну таануу жөнүндөгү ишти сот 3 айлык мөөнөттөн кийин карап чыгат. Жоготкондугун билдирген адамдын өтүнүчү канагаттандырылган учурда, жоголгон документ жараксыз деген чечим чыгарат. Бул чечим жоготкон адамдын өз салымын алуусуна же жараксыз деп табылгандын ордуна жаңы документ алуусуна негиз болуп саналат.

Получить все переводы слова - "Укугун калыбына келтирген сот иши" по направлению Кыргызский-Кыргызский.
Найти все переводы слова "Укугун калыбына келтирген сот иши" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "Укугун калыбына келтирген сот иши"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru