Меню
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Туунун мамлекети

ТУУНУН МАМЛЕКЕТИ – желеги алдында ошол кеме мыйзамдуу сүзүп жүрүүчү мамлекет. Т. м. кемеге өз желегин берүү менен анын улуттук таандыктыгын аныктайт. Арбир мамлекет кемелерге өз желеги алдында сүзүп жүрүү укугун берүү тартибин өзү аныктайт, ошондой эле аларга андай укукту күбөлөндүрүүчү документтерди берет. Т. м. өз желеги алдында сүзүп жүргөн кемелерге көзөмөл жүргүзүүнүн жана административдик, техникалык жана социалдык маселелерде өз юрисдикциясын натыйжалуу ишке ашырууга, ошондой эле деңиз коопсуздугун камсыз кылуунун жалпы кабылданган эларалык эрежелерин камсыз кылуу чараларын көрүүгө тийиш.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: