|
Транспалантация
|
|
ТРАНСПАЛАНТАЦИЯ (лат. transplantare – көчүрүп жалгаштыруу) – органдарды жана/же ткандарды тигил же бул организмдин денесинин башка бөлүгүнө көчүрүү. Донорлордон же өлүктөн органдарды жана/же ткандарды Т-лоо башка медициналык каражаттар бейтаптын (реципиенттин) өмүрүн сактап калууну кепилдей, же болбосо анын ден соолугун калыбына келтире албаган учурларда гана колдонулушу мүмкүн. Донордун органдарын жана/же ткандарын алууга дарыгер-адистердин консилиумунун корутундусу боюнча – анын ден-соолугуна олуттуу зыян келтирбеген учурларда гана жол берилет. Органдарды жана/же ткандарды Т-лоого донордун макулдугу жана эреже катары, реципиенттин макулдугу менен гана жол берилет. Кишинин органдары жана/же ткандары соода-сатыктын предмети болуусу мүмкүн эмес. Кишинин органдарын жана/же ткандарын сатуу-сатып алуу, ошондой эле ал аракеттерди жарнамалоо КР мыйзамдарына ылайык кылмыш-жаза жоопкерчилигине кириптер кылат. Төмөндөгүлөрдүн органдарын жана/же ткандарын Т. үчүн алууга жол берилбейт: а) 18 жашка чыга элек (каракуш мээсин көчүрүүдөн башка учурларда) же болбосо белгиленген тартипте жөндөмсүз деп табылган донордун; б) реципиенттин өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирүүчү илдет менен ооруган адамдын; в) реципиентке кызматы жана башка жагдайда көзкаранды адамдын. Т. адамды кайра өндүрүүгө тийешеси бар, өз ичине репродуктивдик ткандарды көчүрүү (ума клеткасын, ирендикти, жумурткаларды жана эмбриондорду) иши болуп саналбайт.
|